Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:16

АКШ Иран Орусияга баллистикалык ракеталарды берген деп эсептейт


Иранда чыгарылган "Фатех Мобин" кыска аралыкка сокку ура алчу баллистикалык ракета. Сүрөтү 2018-жылдын августунда Ирандын Коргоо министрлиги жарыялаган.
Иранда чыгарылган "Фатех Мобин" кыска аралыкка сокку ура алчу баллистикалык ракета. Сүрөтү 2018-жылдын августунда Ирандын Коргоо министрлиги жарыялаган.

Кошмо Штаттар Иран кыска аралыкка сокку ура алчу баллистикалык ракеталарды Орусияга берди деген ишеничте. Бул тууралуу Вашингтон өнөктөштөрүн кабардар кылганын "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги эки башка булагына таянып жазды. Ак үй бул маалыматты расмий бышыктоодон баш тартып, ошентсе да Ирандын Орусияны колдоону күчөтүп жатканы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Вашингтон бир нече айдан бери Иранга Орусияга баллистикалык ракеталарды бербөөнү эскертип келет.

"Ирандын Орусияга баллистикалык ракеталарды жеткириши Тегерандын Москванын Украинага каршы согушун колдоосун кескин күчөтөрүн айгинелейт",- деди Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Шон Сэветт.

Иран мурдагыдай эле Орусияга Украинадагы согушта колдонуу үчүн курал-жабдык жеткиргенин четке кагып келет.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси Уильям Бернс 7-сентябрда Лондондо жасаган билдирүүсүндө Орусия, Кытай, Иран жана Түндүк Кореянын ортосунда өнүгүп бараткан коргонуу багытындагы "тынчсызданта турган" алакалар тууралуу эскертти.

Буга чейин АКШнын чалгын кызматтары Түндүк Корея Орусияга Украинадагы согушка колдонуу үчүн курал-жабдык жана ракеталарды жөнөткөнүн аныкташкан. Ошол эле маалда Иран Орусияга "Шахед" дрондорун жөнөтүп, Кремлге учкучсуз аппараттарды чыгарган завод курууга көмөктөшкөнү кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG