Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуулары өтүүдө


Машыгууларга катышып жаткан кыргыз аскерлери.
Машыгууларга катышып жаткан кыргыз аскерлери.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) атайын машыгуулары 7-сентябрда Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы 20636 аскер бөлүгүндө башталды.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, уюмдун Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык “Өз ара аракеттенүү - 2024”, чалгындоо күчтөрүнүн “Издөө-2024”, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрүнүн “Эшелон-2024” атайын машыгуулары өтүп жатат.

Анын ачылышында сүйлөгөн Кыргызстандын коргоо министри, генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов дүйнөдө коопсуздук биринчи кезектеги маанилүү маселеге айланганын белгиледи.

“Бул машыгуу бөлүкчөлөрдүн ыкташуу деңгээлин гана жогорулатпастан, күжүрмөн шериктештикти бекемдеп, дүйнөлүк коомчулукка пайда болгон коркунучтарга карата биздин мамлекеттердин жетекчилигинин бирдиктүү көз караштары бар экендигин көрсөтөт”, - деди министр.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө – Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан бар.

Августтун этегинде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтотконун билдирген. Бирок Армения уюмдан качан толук чыгары боюнча так датаны атаган эмес.

Никол Пашинян быйыл 12-июнда да Армения аталган уюмдан чыгарын жарыялаган. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган. (SE)

XS
SM
MD
LG