Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:14

Баткендеги медиафорумда журналистиканын абалы талкууланууда


"Ийгиликке кадам" медиафоруму быйыл кыргыз журналистикасынын 100 жылдык тарыхына, бүгүнкү абалына жана келечегине арналды. "Журналисттер" коомдук бирикмеси форумду 7-сентябрда Баткенде уюштурду.

Аталган уюмдан кабарлашкандай, медиа айдыңында иштегендер интернет жана санарип доорундагы гезиттердин ролун талкуулап жатышат. Эки күндүк иш-чарада журналистиканын ар кайсы тармагындагы ийгиликтүү долбоорлор, кесипкөйлүктү арттыруу темасында пикир алмашуу болот.

Форумга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Маданият, маалымат, спорт, туризм жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Салкын Сарногоева да катышууда.

"Ийгиликке кадам" форуму алгач 2019-жылы Ошто уюштурулган. Экинчиси 2021-жылы Нарын шаарында өткөн.

Быйылкы форум "жапырт башаламандык уюштурууга" шек саналган 11 журналисттин иши сотто каралып жаткан учурга, "Клооп медианын" сайтын жабуу тууралуу сот чечими чыккан маалга туш келди. Бул окуяларга байланыштуу эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сөз эркиндигин сактоого, журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин айткан.

Алгачкы кыргызча гезит - "Эркин Тоо" 2024-жылдын 7-ноябрында чыккандыктан, быйыл кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы да белгиленет. (JsA)

XS
SM
MD
LG