Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:18

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери таркатылат. Президенттин жарлыгы менен жаңы шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалды.

Ошондой эле документте Баткен облусунун район, шаарларында шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагындагы өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлүшү керектиги белгиленген.

Садыр Жапаров 29-июлда кол койгон "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо болору кабарланган.

Жаңыдан аныкталган мандаттар боюнча Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөрү кабарланган. Эгер административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп жашоочусу бар аймактарда 31 депутат шайланат.

Ал эми 3-августта президент Жапаров кол койгон “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, саясий партияларга шайлоо босогосу жети пайыздан беш пайызга түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG