Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Зеленский орусиялыктар "тынчтыкты же Путинди" тандаш керектигин айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский. Германиядагы Украинага колдоо көрсөтүү боюнча байланыш тобунун саммитинде. 6-сентябрь, Германия.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Германиядагы Украинага колдоо көрсөтүү боюнча байланыш тобунун саммитинде. 6-сентябрь, Германия.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн көбүрөөк курал-жабдык берүүгө чакырды. Германиядагы Рамштайн авиабазасында өткөн Украинаны коргоо боюнча байланыш тобунун жыйынында сүйлөп жатып, Зеленский союздаштардан Киевге Орусиянын аймактарын аткылоого уруксат берүүнү суранды.

“Бизге бул узак аралыкка сокку ура алгыдай потенциал бир гана Украинанын оккупацияланган бөлүгүнө эмес, Орусиянын аймагына да колдонуу үчүн зарыл. Муну менен биз Орусияны тынчтык жолуна ыктоого көндүрөт элек. Биз орус калааларын жана орус аскерлерин дагы аларга "Путин керекпи же тынчтыкпы?" деп ойлонууга мажбурлашыбыз зарыл”, - деди украин президенти АКШ баш болгон элүүдөй мамлекеттин аскердик лидерлери менен жолугушканда.

Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышындагы Покровск шаарынын айланасында алдыга жылып баратканы кабарланууда. Москванын аскердик ийгиликтери украин күчтөрү туура бир ай мурда Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ушул күнгө чейин ал жакта аскердик операциясын улантып жатканына карабай уланууда. Киев билдиргендей, украин армиясы бир ай ичинде Орусиянын аймагынын 1300 чарчы чакырымын өз карамагына алды.

"Ошол эле маалда биз Курск облусунда алдыга жылып бараткан маалда, орус армиясы Украинадагы чабуулдарын улантууда. Орус армиясынын күчтүү бөлүктөрү Донецк облусундагы оккупацияланган аймакты кеңейтүүгө салынган. Бул Москванын так тандоосу. Путин Орусиянын коопсуздугун ойлобой эле, Украинанын көбүрөөк аймактарын басып алгысы келет", - деди Зеленский.

Зеленский буга чейин алар чек аралаш аймакта өз өлкөсүн коргоо үчүн буфердик зона түзүүнү көздөрүн айтып, Орусиянын жерин басып алуу максаты жок экенин баса белгилеген. Украин армиясы билдиргендей, алар Курскиде жүздөн көп калктуу конушту өз карамагына алышты. Ал арада орус күчтөрү Украинанын аймагын абадан аткылоону улантып жатат. 6-сентябрга караган түнү дрон жана ракеталар менен жасалган чабуулдан кеминде беш киши жараат алып, ондогон турак жайлар жабыркады. Кампада өрт тутанды. Орус бийлиги жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага аларын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG