Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Кыргызстандын курамасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн жөнөп кетти


Спортчуларга мамлекеттик туу тапшырылып жаткан учур. Бишкек. 6-сентябрь, 2024-жыл
Спортчуларга мамлекеттик туу тапшырылып жаткан учур. Бишкек. 6-сентябрь, 2024-жыл

Казакстандын Астанада шаарында 8-сентябрь күнү баштала турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземи болду.
6-сентябрдагы салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Өкмөт башчы оюнчуларга ийгилик каалап, Кыргызстан көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктанса болорун айтты:

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтчасы. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени - Англия, хоккейдин мекени - Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы Көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот”.

Акылбек Жапаров кыргызстандык курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга Мамлекеттик тууну тапшырып, спортчуларды жеңиш менен күтөрүн кошумчалады.

Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу катышат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт. Ага 73 мамлекеттен 4 миң спортчу келери күтүлүүдө. Мелдештер калаанын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медал ойнотулат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчулар спорттун 14 түрүнөн барып, 58 медалга ээ болушкан. Анын ичинде 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло. (ZKo)

XS
SM
MD
LG