Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

АКШда алты орусиялыкка Украинанын сайттарына жасалган киберчабуул үчүн айып тагылды


АКШнын Юстиция министрлигинин эн белгиси.
АКШнын Юстиция министрлигинин эн белгиси.

Американын Мэриленд штатындагы сот арачылары Орусиянын чалгын кызматынын беш офицерине жана алардын ыктымал шеригине Украинанын мамлекеттик сайттарына киберчабуул жасоо жана алдамчылык үчүн айып такты. Бул тууралуу 5-сентябрда АКШнын Юстиция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, полковник Юрий Денисов, лейтенанттар Владислав Боровков, Денис Денисенко, Дмитрий Голошубов, Николай Корчагин жана аларга жардам берген Амин Стигал күнөөлүү деп табылды.

Айыптоонун версиясына караганда, 2022-жылдын январь айында хакерлер украин мамлекеттик мекемелеринин сайттарын талкалап, ал жактагы маалыматтарды уурдап кетишкен. Көп өтпөй ал маалыматтар, анын ичинде медициналык карталар Интернетте сатыкка коюлган.

Бир айдан соң Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан.

Жалпысынан хакердик топ 2021-жылдын август айынан бери НАТОго мүчө 26 мамлекеттин, анын ичинде АКШнын компютердик системаларына чабуул коюга аракет кылып көргөн.

2022-жылдын август айында Борбордук Европадагы өлкөлөрдүн биринин транспорттук системасынын сайты талкаланган.

Хакерлер америкалык компаниянын жардамы менен Whisper Gate деген программалык камсыздоо үчүн зыяндуу вирусту жайылтышкан.

Айыпталгандардын башы жана алар тууралуу кошумча маалымат үчүн он миллион доллар сый акы жарыяланды.

XS
SM
MD
LG