Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Аба ырайы: 7-сентябрда тоолуу аймактарда жаан карга айланат


Синоптиктер 7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаап, үшүк жүрө турганын эскертишүүдө.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

7-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын мол жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндуз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндуз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20 градус жылуу болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге жеткт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 5-сентябрда күндүз 21,7°, 6-сентябрда эртең менен 20,2° түздү.

XS
SM
MD
LG