Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Бишкекте скутер сүзгөн жөө жүргүнчү каза болуп, шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Бишкекте Чүй проспектисинен скутер сүзгөн эки адамдын бири каза болгонун билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 3-сентябрда болгон. Скутер айдап бараткан 32 жаштагы киши Чүй проспектисинен 29 жана 31 жаштагы эки адамды сүзүп, андан кийин Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

Жыйынтыгында кырсыктан скутер сүзгөн 31 жаштагы адам каза таап, экинчи бейтап Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук бейтапканасына жаткырылган.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Скутердин айдоочусу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык түйүндөрдө айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн скутер, мопед, мотоцикл, электр чыгырыгы сыяктуу каражаттарды айдагандар жол эрежелерин сактабай жатканы тууралуу сындар айтылып келет.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) буга байланыштуу буга чейин бир нече жолу рейд өткөргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG