Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Санкт-Петербург шаарында эки кыргызстандык кылмышка шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык кыз 6-кабаттан кулап кеткени тууралуу соцтармактарга жана маалымат каражаттарына жарыяланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 5-сентябрда бул маалымат боюнча түшүндүрмө таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 3-сентябрь күнү болжол менен саат 02.00до Санкт-Петербург шаарынын полициясы окуя болгон жерге келген. Алтынчы кабаттан кулап, жабыркаган 22 жаштагы кыз бир нече жараат менен ооруканага жеткирилген. Учурда кыз ооруканада, абалы туруктуу оор. Полиция окуяга тиешеси бар деген шек менен 23 жаштагы М.Б. жана С.Ш. аттуу жарандарды кармаган. Экөө тең Кыргызстандын жарандары.

Орусиянын укук коргоо органдары окуяны иликтеп жатканы кабарланды.

Бул факт Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүнө алынды.

ТИМдин маалыматына ылайык, учурда Орусияда 400 миңдей кыргызстандык мигрант бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG