Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:21

ТИМ кыргызстандыктарды Орусияга убактылуу барбай турууга чакырды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жарандарды зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырды. Мекеменин басма сөз кызматы 5-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, бул Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө байланыштуу болууда.

Кыргыз жарандары зарылчылык болгон учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047 телефондору аркылуу байланышса болот.

29-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Бишкектеги элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануу билдирген.

Март айындагы "Крокус Сити Холго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Буга терактты уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик баардыгынын теги борбор азиялык экени түрткү болду.

Мындан улам Борбор Азиянын бир катар мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган.

ТИМдин маалыматында, соңку 1,5 жылда Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 400 миңге чейин кыскарган.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында, быйылкы биринчи жарым жылда миграциялык мыйзамдарды бузган деген негиз менен 92 миң чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылган. Дагы 5500дөн көп мигрант чет элдиктерди убактылуу кармоочу жайга киргизилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG