Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Экс-депутат Мейкинбек Абдалиев БШКнын мүчөсү болуп шайланды


Мейкинбек Абдалиев.
Мейкинбек Абдалиев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп шайланды. Анын талапкерлигин парламенттин депутаттары 5-сентябрдагы жыйынында колдоду.

Мейкинбек Абдалиев мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча Боршайкомго арыз жазып, БШК 19-августта аны мандатынан ажыраткан.

Мейкинбек Абдалиев мурда жергиликтүү кеңештерде депутат болуп, Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайланып келген. VII чакырылышта “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон.

Ал Жогорку Кеңештин жыйындарынын биринде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жаткан Райымбек Матраимовду колдоп сүйлөгөн пикири менен таанымал. (BTo)

XS
SM
MD
LG