Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Өзбекстанда СССРге үгүттөгөн киши сот жообуна тартылды


CCCРдин герби
CCCРдин герби

Самарканд шаарынын соту Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө көлөкө түшүргөн деп жергиликтүү тургунга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Gazeta.uz гезити соттун чечимине таянып жазды.

Соттук материалдарга ылайык, 74 жаштагы Э.Хасанов СССРди калыбына келтирүү зарылдыгын жазып жүргөн. Пенсионер 2021-жылы орусиялык Олег Туришкин деген кишинин видеолорун көрө баштаган. Ал Хасановду “СССРдин мамлекеттик реестри” деген топко киргизип, "Советтер Союзунун жараны" деген күбөлүктү почта менен жөнөткөн.

Кийин өзбек жараны Москвага барып, “СССРди калыбына келтирүүнү” жактаган топтун мүчөлөрү менен таанышкан. Алар мамлекет “мыйзам боюнча ыдыраган эмес” деп эсептешет. Топ Сталиндин учурундагы конституция жана мыйзамдары кайтарыларын, мурдагы 15 жумурият кайра биригерин айтып келген.

Мартта Хасанов Телеграмдагы "Өзбек ССРи/СССР" деген тайпада "Өзбекстандын көз карандысыздыгы үстүрт мүнөзгө ээ, советтик жумурияттар АКШнын жардамы менен өз алдынча эгемендикти жарыялап алышкан, жакында кайрадан СССРдин курамына киришет" деп жазган.

Экспертиза анын материалдарында Өзбекстандын мамлекеттик түзүлүшүн мыйзамсыз өзгөртүүгө чакырган идеялар камтылган деген бүтүмгө келди.

Хасанов күнөөсүн моюнга алган жок, бирок соттон жазасын жумшартууну өтүндү. Сот анын улгайган жашын, мурда соттолбогонун эске алып, 3 жылга эркиндигин чектөө чечимин чыгарды. Пенсионер Самарканд облусунан чыга албайт, кечки саат 10дон таңкы 6га чейин батиринде болууга, турган жеринен башка жакка уруксатсыз барбоого тийиш. Ага ошондой эле интернетти пайдаланууга тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG