Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

БУУ Иранда бир айда 93 кишинин дарга асылышы боюнча тынчсыздануусун билдирди


Ирандагы дарга асууларды токтотууну талап кылган Белгияда өткөн акция.
Ирандагы дарга асууларды токтотууну талап кылган Белгияда өткөн акция.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча эксперттери 2-сентябрда билдиргендей, Иранда август айында 93 киши дарга асылган. Муну менен жыл башынан бери өлүмгө өкүм кылынгандардын саны 400дөн ашканы маалым болду.

Уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы бул көрсөткүчтүн улам өсүп баратканына тынчсыздануусун билдирди. Анткени июль айында 45 кишинин дарга асылганы кабарланган. Башкармалык Иранды өлүм жазасына өкүм кылынгандарды дарга асууну токтотууга чакырды.

Маалыматка караганда, өткөн айда бул оор жазага тартылгандардын көбү маңзатка байланыштуу кылмыштар менен камалгандар болгон.

Укук коргоочулар Иранда июль айындагы президенттик шайлоо алдында болгон тыныгуудан кийин бул өлкөдө өлүм жазасына тарткан учурлар кайрадан көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдиришкен.

5-июлда президенттик шайлоодо реформачыл саясатчы катары таанылган Масуд Пезешкиан жеңишке жетишкен.

15-июлда эл аралык Human Rights Watch уюму аны өлүм жазасына тартылгандардын саны өсүп жатканына каршы күрөшүүгө үндөгөн.

"Ирандын адам укуктары" уюмунун маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери Ирандын түрмөлөрүндө кеминде 268 киши дарга асылган. Алардын жарымынан көбү маңзатка байланыштуу соттолгондор.

Amnesty International уюму 2023-жылы Иранда өлүм жазасына кеминде 853 киши тартылганын, алардын 481и маңзат үчүн кармалгандар экенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG