Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Запорожьеде Орусиянын чабуулунан эки адам набыт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Запорожье аймагында орус армиясынын 3-сентябрга караган түндөгү чабуулдарынан эки адам каза болуп, дагы эки киши жараат алды. Бул тууралуу Запорожье облустук аскер башкармалыгынын башчысы Иван Федоров билдирди.

“Тилекке каршы, эки адам, анын ичинде сегиз жаштагы бала каза тапты. Дагы эки адам, анын ичинде 12 жаштагы кыз жарадар болду. Ал азыр реанимацияда. Душмандын чабуулунун натыйжасында имарат жарым-жартылай талкаланган”, - деп жазды Телеграмм-каналына.

Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарына ар кандай курал-жарактар анын ичинде учкучсуз учактар, ракеталар менен байма-бай чабуул жасап жатат.

Далилдерге карабай, Орусия жарандык жайларды жана карапайым тургундарды бутага алганын танып келатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG