Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

HRW Монголияны Путинди камоого же киргизбөөгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Монголия бийлигин бул өлкөгө 3-сентябрда расмий сапар менен бараткан Орусия президенти, Эл аралык кылмыш соту издөө жарыялаган Владимир Путинди же киргизбей коюуга, же камакка алууга чакырды.

Путин Монголияга бул өлкөнүн президенти Ухнагийн Хурэлсуханын чакыруусу боюнча баратканын Кремль төрт күн мурда жарыялаган.

"Эгер Монголия [Путинге] бул өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берип, камакка албай коё турган болсо, анда ал Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү катары өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарбай койгон болот", — деди HRW уюмунун эл аралык кеңешчиси Мария Елена Виньоли 2-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Монголия Эл аралык кылмыш сотуна 2003-жылы мүчө болгон. Путин аталган соттун издөөсүнө Москва Украинанын оккупациялап алган аймактарында жашаган балдарды Орусиянын аймагына мыйзамсыз чыгарып кеткени үчүн алынган.

30-августтагы билдирүүсүндө Кремл Путиндин бул сапары боюнча эч кандай кооптонуусу жок экенин, «Монголиядагы достору менен мыкты диалог бар экенин» билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG