Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Аба ырайы: Жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 2-сентябрда жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 12…14°, күндүзгү температурасы 18…20° болот.

XS
SM
MD
LG