Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Аба ырайы: 1-сентябрда күн ачык болот


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 1-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,

Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүзгү температурасы 27…29° болот.

XS
SM
MD
LG