Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

БШК Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты


Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-августтагы отурумунда өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты. Ал мандатынан баш тартуу боюнча арызын Боршайкомго 30-августта арыз берген. Нуржигит Кадырбековдун бошогон мандаты “Ыйман Нуру” партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге берилди.

39 жаштагы Эрнис Айдаралиев Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. 2011-2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматында, 2018-жылы президенттин иш башкармалыгында иштеген. 2021-жылы парламенттик шайлоого “Ыйман Нуру” партиясы менен катышкан.

Нуржигит Кадырбеков 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) “Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу сурак берип чыккан. Сурактан чыгып баратып журналисттерге учкай комментарий берип, аталган фонддун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмөлөрдү бергенин билдирген.

Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.

Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын 4 млн 999 миң 674 долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү максатында которгон. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат. Мындан улам текшерүүчлөр “Ыйман” фондунун ишмердигине "толук кандуу аудит жүргүзүүгө мүмкүн эмес" деген тыянакка келген. Бул көрүнүш Кыргызстандын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына каршы келери да жазылган.

Атайын кызмат азырынча “Ыйман” фондуна байланыштуу иш боюнча маалымат бере элек. Анын чоо-жайы, суракка алынган же айыпталган адамдардын ысымы белгисиз.

9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алганы белгилүү болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу") 4-бөлүгүнүн 1-2-пункту ("өзгөчө ири өлчөмдө, ызмат абалын пайдалануу") менен айыпталууда. Соттун чечимине ылайык, Аширова 2024-жылдын 2-октябрына чейин камакта болот.

Түркиядан каражат келген жылдары “Ыйман фондун” Искендер Ормон уулу менен Нуржигит Кадырбеков жетектеген. Кадырбековдон кийин “Ыйман” фондун Самаган Мырзаибраимов, андан соң Рахматулла Эгембердиев, Зикрулло Махамат уулу башчы болгон. 2024-жылдын июнь айынан тарта Жанузак Туран уулу башкарып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мурдараак "Азаттыкка" берген комментарийинде фонддун каржылык иштери ошол учурдагы президенттин көзөмөлүндө болгонун айтып, каражаттар мыйзамсыз иштетилбегенин билдирген.

“Ыйман Нуру” фракциясынын парламентте беш депутаты бар. Нуржигит Кадырбеков мандатын эмне себептен тапшырганы тууралуу комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы 28-ноябрда шайланып келип, ошол эле жылдын декабрь айында ишин баштаган. 90 депутаттан турган бул чакырылышта ар кандай себептер менен 20дан ашык депутат мандатын тапшырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG