Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:50

Камчыбек Ташиев коопсуздуктан улам бир нече адам кармалганын айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата уюштурула турган майрамдык иш-чаралардын алдында коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына Камчыбек Ташиев 29-августта Жалал-Абадда сүйлөгөн сөзү тартылган видеону 30-августта жарыялады.

“Мен таӊкы 4:30 гана үйгө келип, эртеӊ менен кайра бул жакка учуп келдим. Себеби, коопсуздук маселесин карашыбыз керек. Көптөгөн маалыматтар болуп атат. Түнү менен атайын операцияларды жүргүзүп бир нече адамды кармап, ишмердигин токтоттук”. – деди ал.

Камчыбек Ташиев атайын кызмат кимдерди кармаганын тактаган жок. УКМКнын басма сөз кызматы да азырынча маалымат бере элек.

31-августта Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонунун 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына байланыштуу жер-жерлерде массалык иш-чаралар уюштурулат. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында кыргызстандык жана чет элдик ырчы-чоорчулар катышкан концерт өтөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 31-августта Бишкектеги майрамдык иш-чаралар учурунда 5 миңден ашык кызматкер коомдук тартипти көзөмөлдөй турганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG