Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Президент Жапаров Казанда БРИКСтин саммитине катышат


Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл 22-24-октябрь күндөрү Орусиянын Казан шаарында өтө турган БРИКС+ уюмунун саммитине катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, уюмдун саммитине мамлекет башчы Садыр Жапаровду Орусия президенти Владимир Путин чакырган.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен БРИКС+ саммитине ардактуу конок катары катышуусу Кыргызстандын бул уюмдагы биринчи кадамы катары бааланат жана бул мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө негиз түзөт", - деп жазылган маалыматта.

Ага ылайык, Кыргызстан өзүнүн тышкы саясий позициясында көп вектордук принцибин карманат жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну улуттук кызыкчылыктарга ылайык өнүктүрүүгө умтулат.

Маалыматта ошондой эле БРИКС+ сыяктуу уюмдар Кыргызстан үчүн маанилүү экени айтылган.

Жапаров быйыл февралда Казан шаарында БРИКС уюму уюштурган “Келечек оюндары” спорт мелдешинин ачылышына катышып, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушкан.

Азербайжан быйыл августта Орусия президенти Владимир Путин Бакуга барып кеткенден кийин, БРИКСке кирүү үчүн арыз берди.

2006-жылы түзүлгөн уюмга Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мүчө болуп келген. Жакында ал кыйла кеңейип Иран, Египет, Эфиопия, Бириккен Араб Эмирлиги кошулган. Сауд Арабиясы да андай мүмкүнчүлүктү караштырып жатканын билдирген.

Азербайжан БРИКСке кирүү ниетин июлда ортого салганда, Кытай кубаттаган.

Уюм түптөлгөндө, экономикалык максаттар коюлган. Бирок азыр негиздөөчу айрым мамлекеттер геосаясий максаттарды да көздөгөнү айтылып келет.

Азербайжандын кээ бир оппозициялык күчтөрү өлкөнүн Еврошаркетке кошулуусуна артыкчылык берет. Баку биримдик менен 2009-жылдан бери “Чыгыш өнөктөштүгү” деген программанын алкагында кызматташып келатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG