Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Парижде Дуров сотко жеткирилди, анын бөгөт чарасы каралат


Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров
Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров

France Presse жана Reuters агенттиктери өз булактарына таянуу менен Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров Париж сотуна жеткирилгенин жазышты. 28-августтун кечинде анын убактылуу камоо мөөнөтү аяктайт. Сотто ага расмий түрдө айып тагылып же камактан бошотулушу керек. Буга чейин белгилүү болгондой, француз бийлиги март айында эле Дуровду жана анын бир тууганы Николайды камоого ордер чыгарган. Телеграмды негиздөөгө анын бир тууганы да катышкан.

Бул тууралуу "Политико" басылмасы журналисттердин колуна тийген расмий документке таянып жазды. Маалыматка караганда, Телеграмдын негиздөөчүсүнө каршы иликтөө бул тууралуу жарыялангыча эле башталган. Биринчи иш балдар порнографиясына каршы кылмыштарды иликтөөдө бийлик менен байланышуудан баш тартканына байланыштуу ачылган. Документте белгиленгендей, Телеграм балдардын катышуусу менен тартылган порнографиялык роликтерди тараткан колдонуучунун жеке маалыматтарын берүүдөн баш тарткан.

Дуров 25-августка караган түнү Азербайжандан жеке учагы менен Парижге келгенде кармалган.

XS
SM
MD
LG