Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Парижде Паралимпиада оюндары башталат


Париждеги Эйфел мунарасынын жанындагы спорттук аянтча.
Париждеги Эйфел мунарасынын жанындагы спорттук аянтча.

Бүгүн Парижде XVII жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот. Анда Кыргызстандын желегин дзюдочу Маматибраим Суранов көтөрүп чыгат.

Бул Паралимпиадада спорттун 22 түрүнөн 549 комплект медал ойнотулат. Мелдештер 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Мелдештерге Кыргызстандан төрт спортчу катышкат. Алар - дзюдочу Маматибраим Суранов, пауэрлифтинг менен алектенген Миргүл Болоталиева, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы жана жеңил атлет Гүлназ Жүзбаева.

Спортчулар Парижге 26-августта жөнөп кетишкенин Кыргыстандын Паралимпиада комитети билдирди.

Кыргыз спортчулары 1-сентябрдан баштап мелдештерге катышат. Бул күнү Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетикадан 1500 метрге жарышка чыгат. 2-сентябрда аялдар арасында триатлондон мелдештер болуп, Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат.

Дзюдодон мелдештер 5-сентябрда башталса, Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта 6-сентябрда мелдешке катышат. Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 86 килограммга чейинки салмак категориясында 8-сентябрда күч сынашат.

Париж Паралимпиадасына дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн беш миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдештер Париждеги Олимпиада оюндары өткөн спорттук ареналарда болот.

1964-жылы Жапониянын башкалаасы Токиодо паралимпиадалык оюндары расмий түрдө өткөрүлүп, эн белгиси пайда болгон. 1976-жылдан тарта кышкы жана жайкы оюндар өтүп келе жатат.

Кыргызстандык спортчулар 1996-жылдан бери ага катышып келет. Азырынча бул оюндардан кыргыз спортчулары байге ута элек. (GT)

XS
SM
MD
LG