Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

HRW Астананы "террорчулукту каржылоо" мыйзамын кыянат колдонбоого чакырды


HRW эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Риттман
HRW эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Риттман

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин террорчулук жана экстремизм тууралуу мыйзамды кыянаттык менен пайдаланып, аны бийликти сындагандарга жана башкаларга каршы колдонуп жатканы үчүн cындады. Уюмдун 27-августта жарык көргөн 29 беттен турган баяндамасында Казакстанда "террорчулукту каржылагандардын" тизмесине кошулгандардын укуктары бузулуп жатканы белгиленет.

"Эгер сиз Казакстанда өкмөткө каршы тынч нааразылык акциясына катышсаңыз, бийлик сизди "экстремист" катары куугунтуктап гана койбостон, каржылык колдоодон да ажыратып салышы мүмкүн", - деди HRW эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Риттман.

Ал расмий Астананы террорчулук жана экстремизм тууралуу мыйзамды кыянаттык менен бийликти сындагандарга каршы колдонууну токтотуп, террорчулукту каржылагандардын тизмесине кошулгандарды андан чыгарууга чакырды.

Уюмдун маалыматына караганда, коңшу өлкөдө мыйзамдар экстремизмдин түрүн айырмалабайт, ал эми Кылмыш кодексинин экстремизм жана террорчулук багытындагы бир катар беренелери бүдөмүк жазылган.

2015-жылы Казакстанда мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, террорчулукту жана экстремизмди каржылоого байланышы бар адамдардын жана уюмдардын активдери камакка алынат. Мындай тизмеге кошулгандардын банк эсептерине бөгөт коюлат, акча алмаштыруучу жайларда чет элдик валютаны алмаштыра алышпайт.

XS
SM
MD
LG