Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Орусияда мигранттардын балдарын “Юнармияга” жиберүү сунушталды


"Юнармия" кыймылынын мүчөлөрү аскердик көнүгүүлөрдү жасап жаткан учур.
"Юнармия" кыймылынын мүчөлөрү аскердик көнүгүүлөрдү жасап жаткан учур.

Орусияда мигранттардын балдарын “Юнармияга” жиберүү сунушталды. Мындай демилгени Новосибирск аймагынын жергиликтүү министрлеринин бири көтөрдү. Андрей Клюзовдун эсебинде, аскердик-патриоттук мындай лагерлерде келгиндердин балдары орус тилин үйрөнүүгө жакшы шарт түзүлөт. Министр мисал катары Хилок базарынын жанындагы мектепти келтирди. Клюзовдун айтымында, ал жакта мигранттардын балдары толуп кеткендиктен, жергиликтүүлөргө ыңгайсыздык жаралууда.

"Бул мектепте жакынкы чет өлкөлөрдөн келген балдар көп окушат. Алар орус тилин жакшы билбеши мүмкүн. Мындан улам жергиликтүү үй-бүлөлөр балдарын бул мектептен чыгарып, башка жакка берип жатышат", - деди ал жыйындардын биринде.

Клюзов балдардын социалдык-маданий адаптациясын жеңилдетүү үчүн “Юнармияга” милдеттүү түрдө жиберилиши керек деп эсептейт.

Жакында эле Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып киришине тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган.

Фракция лидери Леонид Слуцкий "чет элдик жумушчулар чоң үй-бүлөсүн алып кирип, өлкөдө көзөмөлсүз миграция агымы жаралып" жатканын белгилеген. Ал "мигранттар бир кичи районду ээлеп, өзүнчө анклав түзүп алышкан" деп нааразы болгон.

"Юнармия" – Бүткүл Орусиялык балдардын аскердик-патриоттук коомдук кыймылы. Ал 2016-жылы ошол кездеги коргоо министри Сергей Шойгунун демилгеси менен түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG