Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Токтогул суу сактагычына 12,5 млрд метр куб суу толду


Токтогул суу сактагычы. Июль, 2024-жыл
Токтогул суу сактагычы. Июль, 2024-жыл

27-августка карата Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү 12 млрд 522 млн метр кубга жетти.

"Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, ушул тапта суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 586 метр куб болсо, андан секундуна 269 метр куб суу агып чыгууда.

Бир ай мурда, 27-июлда суу сактагычта 11 млрд 783 млн метр куб суу болгон. Ал эми бир жыл мурда ушул күнү 11 млрд 213 млн метр куб суу бар болчу.

Энергетика министрлиги быйыл жайкысын да керектөө чектен ашып, сууну иштетүү күч алганын белгилеп жатат.

Министр Таалайбек Ибраев 2-августтагы маалымат жыйында учурда бир сутка ичинде электр энергиясын колдонуу көлөмү саатына 40 миллион киловаттка жетип жатканын айткан. Ал элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, кышка сактоо зарылчылыгын эскерткен.

Быйыл марттын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд метр кубга чейин төмөндөгөн. Өкмөт электр энергиясын берүүнү бир нече күнгө чектеп, керектөө лимитин төмөндөткөн.

2007-2008-жылдары суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп каларын эскертишет.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар да куят. (ZKo)

XS
SM
MD
LG