Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:49

Абанын булганышына нааразы болгондор "Жунда" заводунун алдына чыкты


“Жунда” заводу.
“Жунда” заводу.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Жунда" заводунун ишине байланышкан нааразылык тууралуу маалымат берди.

Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, чогулган эл көтөрүп жаткан маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик менен чогуу атайын комиссия түзүп, экологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынды.

26-августтун кечинде Жайыл районунда жайгашкан мунай иштетүүчү "Жунда" заводунун алдына 30дай адам чогулуп, ишканадан чыккан жытка нааразылыгын билдиришти. Алар заводдон чыккан жыттан күндүзгү ысыкта гана эмес, түнкүсүн да чыдоого мүмкүн болбой калганын, өзгөчө балдардын саламаттыгы үчүн кооптонуп жатышканын билдиришкен.

Чогулгандар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жолугушкан.

"Түшүндүрүү иштеринин негизинде саат 23:50 чамасында чогулгандар таркашты, эч кандай укук бузуулар катталган эмес", - деп жазылган милиция тараткан маалыматта.

"Чайна Петроль Компани Жунда” заводунун жетекчилиги комментарий бере элек.

Социалдык тармактарда түндө чогулган адамдар заводдун жетекчилигинен абаны булгоону токтотууну талап кылып жатканы тартылган тасмалар жарыяланган.

“Жунда” заводунун иши 2019-жылы токтоп калган. Аны быйыл күздөн тартып ишке киргизүү чечими кабарланган. Былтыр октябрда “Жунданы” калыбына келтирүү, модернизациялоо боюнча Кытайдан жумушчу топ келген.

“Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG