Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:58

Украин армиясы Орусиянын Белгород облусуна кирүүгө аракет кылып жатканы кабарланды


Белгород облусундагы орус-украин чек арасында турган аскер.
Белгород облусундагы орус-украин чек арасында турган аскер.

Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков украин аскерлери чек арадан өтүп, аймакка кирип барууга аракет кылып жатышканын билдирди.

"Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, чек арадагы кырдаал оор бойдон калууда. Бирок қөзөмөлдө. Биздин аскерлер пландалган иштерди аткарууда", - деп жазды Гладков Телеграмга.

Буга чейин украин аскерлеринин чек арадан өтүү далалаты тууралуу кремлчил Телеграм-каналдар жазышкан. Shot маалымдагандай, украин армиясы Белгород облусунун чек арасына жакындады. Mash "Шебекино" автоунаа өткөрмө бекетине жакын жерде кармаштар жүрүп жатканын кабарлады.

"Пепел" басылмасы Белгород жана Борисов райондорунда атышуулардын үнү угулуп жатканын жазды.

Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Расмий Киев Белгород жактагы кырдаал тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирип барган. Андан бери жүздөн көп калктуу конушту өз карамагына алып, Суджа шаарында комендантура ачканын билдирип келет. Ушул тапта украин армиясынын Курск облусундагы аскердик операциясы уланып жатат.

Чек арага жакын жайгашкан Белгород облусу Орусия Украинага согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери эле аткылоололорго, аба чабуулдарга дуушар болуп турган. Бир нече ирет легионерлерден турган топтор кол салууга аракет кылган.

XS
SM
MD
LG