Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:42

Улуттук банк эсептик ченди 9% менен калтырды


Улуттук банктын имараты.
Улуттук банктын имараты.

Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырып, ал 27-августта күчүнө кирди. Мекеме эсептик ченди май айында 11 пайыздан 9% чейин түшүргөн. Өлкөнүн негизги банкы Кыргызстанда инфляциялык көрсөткүч төмөндөп, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын август айында 3,6% түзгөнүн кошумчалады.

Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да олуттуу басым кылган. Мындан улам 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен.

2023-жылдан бери 13% көрсөткүчтө кармалып келаткан эсептик ченди Улуттук банк 30-апрелде 11% түшүргөн.

Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.

Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (BTo)

XS
SM
MD
LG