Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Ливан: Израил "Хезболланын" позицияларына сокку урганын билдирди


Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 25-августка караган түнү Ливандын түштүгүндөгү бир катар аймактарга абадан сокку урду. Расмий Тель-Авив бул чабуулдарды Ливандагы "Хезболла" радикал тобуна каршы "алдын алуучу сокку" деп мүнөздөп, бул топ Израилге чабуул коюуга камданып жатканын билдирди.

“Бир аз мурда Израилдин куралдуу күчтөрү “Хезболла” террорчул уюму Израилдин аймагына ракеталарды атууга камданып жатканын аныктады. Өзүн-өзү коргоо, бул коркунучтарды жок кылуу үчүн ЦАХАЛ Ливандагы террордук позицияларга сокку урууда. Бул жайлардан “Хезболла” израилдик жайкын тургундарга чабуул коюуну пландаган”, - деп айтты Израилдин армиясынын басма сөз катчысы Даниэл Хагари.

Аны улай "Хезболла" тобу жогорку командирлеринин бири Фуад Шукрдун өткөн айда өлтүрүлүшүнө жооп иретинде жүздөгөн ракеталарды жана дрондорду Израилдин түндүгүн көздөй учурганын маалымдады. Иран колдогон шийилерден турган бул топ Израилди бутага алган кеңири чабуулдарынын "биринчи стадиясын" баштаганын белгиледи.

Израилдин куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, жекшемби күнү 100дөй израилдик аскердик учактар "Хезболланын" 40тан ашык позициясын бутага алып, ракеталарды учуруучу миңдеген жабдыктарын жок кылды.

Азырынча мындай соккулардын кесепети тууралуу толук маалымат жок. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин чабуулдарынан үч кишинин өмүрү кыйылганын маалымдады. Израилдин армиясы “Хезболланын” ракеталары анчалык чоң зыян алып келбегенин белгиледи.

Израилдин Коргоо министрлиги өлкөнүн бардык аймагында жекшембинин таңынан тарта 48 сааттык өзгөчө абал жарыялады. Аба чабуулдары жүрүп жаткан маалда Тель-Авивдеги негизги аэропортто айрым аба каттамдары убактылуу токтотулуп, кайсы биринин багыты өзгөргөн. Бир канча сааттан кийин каттамдар кайра калыбына келгени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG