Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

УКМК Талас, Баткенде мыйзамсыз берилген жерлер мамлекетке кайтарылганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Талас шаарынын базарынын аймагына караган 1,9 гектар жер жеке менчикке берилип кеткени аныкталганын 24-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мыйзамсыз берилген жалпы суммасы 402,6 млн сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.

“Талас айыл көмөк” мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен тил табышып жер участокторун жеке менчикке берген факт аныкталды. Жалпы баасы 402,6 млн сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды,” - деп жазылган Атайын кызматтын маалыматында.

Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштери уланыg жатканы кабарланды.

Ушул эле күнү УКМК Баткен облусунун Кадамжай районунуна караштуу Калача айылынын аймагындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген болжолдуу баасы 92 млн сомдон ашык, 1,85 гектар "Стадион" социалдык объектиси муниципалдык менчиктин балансына кайтарылганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG