Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Германияда бычак менен кол салуудан үч киши каза болду


Золингем шаары, окуядан кийин. 24-август, 2024
Золингем шаары, окуядан кийин. 24-август, 2024

Германиянын батышындагы Золинген шаарында белгисиз адам фестивалдын катышуучуларына бычак менен кол салып, үч киши мерт болду. Bild басылмасы кол салган адам изин жашырып кеткенин жазды.

Полиция белгисиз адам бычак менен ой-келди кол салганын, бул атайылап жасалган аракеттер экенин билдирүүдө. Кылмышка шектүү изделип жатат. Полиция жергиликтүү тургундарды үйдөн чыкпай турууга чакырды.

Кол салуудан бир аял жана эки эркек өлгөн. Окуя Золинген шаарынын 650 жылдыгына арналган концерт учурунда, эл көп топтолгон сахнанын алдында болгон.

Deutsche Welle 25-августка чейин улана турган фестиваль токтотулганын жазды.

“Бүгүн кечинде бүт Золинген нес болуп, абдан кайгырып турабыз. Биз баарыбыз шаардык мааракени өткөрүүнү каалганбыз, бирок азыр каза болгондор жана жараат алгандарга көңүл айтып отурабыз”, - деп жазды шаар мэри Тим Курцбах Фейсбукка.

Окуяда канча киши жараат алганы белгиленген эмес.

XS
SM
MD
LG