Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Кыргызстанда 368 көл ташып кетүү коркунучунда


ӨКМ тараткан сүрөт. Ала-Арча капчыгайындагы көлдөр.
ӨКМ тараткан сүрөт. Ала-Арча капчыгайындагы көлдөр.

Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Даурбек Сакыев 24-августта маалымат жыйынында билдирди. Кооптуу делген көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан. Сакыев аларга байкоо жүргүзүлүп турарын кошумчалады.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча капчыгайындагы Адыгене көлүнө экинчи ирет байкоо жүргүзүп, суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экендигин билдирген.

Мунун алдында Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Адыгене көлүнүн коркунучу жок экенин, бирок тобокелчилик жараткан тайыз көлдөр бар экенин айткан.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон. ӨКМ көл жер астынан жырылганын билдирүүдө. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG