Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

ӨКМ: Зындан көлү жер алдынан жырылган


Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү, 27-июль, 2024-жыл
Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү, 27-июль, 2024-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү жырылып, суу киргени тууралуу маалымат берди. Мекеменин чукул кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев көл толуп келатканы тууралуу 17-августта бийликке эскертилгенин, ал жер алдынан жырылганын 24-августтагы маалымат жыйында билдирди. Ал Зындан батыш көлү жырылганын, эскертүү берилген соң алдын алуу иштери жүргүзүлүп, кесепетин азайтууга мүмкүн болгонун кошумчалады.

Буга чейин айрым маалымат каражаттар көлдүн ташып кетүү коркунучу тууралуу ӨКМ билген эмес деген маалымат тараткан.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ӨКМдин кызматкерлери дароо Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялай баштаган. 500дөй тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине жайгаштырылган. Абал турукташкандан соң бир күндөн кийин жашоочулар үйлөрүнө кайткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG