Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Роберт Кеннеди жарыштан четтеп, Трампты колдой турганын жарыялады


Роберт Кеннеди.
Роберт Кеннеди.

АКШдагы президенттик шайлоодо алдыңкы талапкерлердин катарында үчүнчү болуп жаткан кенже Роберт Кеннеди өзүнүн шайлоо кампаниясын токтотту. Ал республикачылардан талапкер Дональд Трампты колдоорун билдирди. Кеннеди шайлоодо өзүнүн жеңишке жетерине ишенбей турганын белгилеп, олку-солку болуп турган он штатта талапкерлердин тизмесинен чийип салууну бийликтен өтүндү.

Көз карандысыз талапкердин шайлоодон четтей турганы бир нече күндөн бери күтүлүп жаткан. Буга Кеннединин администрациядагы келечектеги кызмат ордуна байланыштуу Трамп менен сүйлөшүүлөрү тууралуу маалымат себеп болгон.

Дональд Трамп ушул аптада CNN телеканалына берген интервьюсунда эгер жеңишке жетсе жана Кеннеди Республикалык партиянын талапкерин колдосо, анын администрациядагы ролун кароого даяр экенин билдирген.

Ошол эле учурда ал Кеннедиге колдоо сурап да кайрылган болчу. Бул тууралуу июль айында Reuters жана башка маалымат каражаттары жазышкан.

22-августта АКШда Демокарттар партиясынын улуттук курултайы жыйынтыкталып, вице-президент Камала Харрис президенттикке талапкерликти расмий түрдө кабыл алды. Сурамжылоого караганда, акыркы апталарда анын рейтинги жогорулаган.

Трамптын дагы шайлоо алдындагы кампаниясы кызуу жүрүүдө. Ал 13-июлда Түндүк Королинада өзүнө кол салуу болгондон бери ушул шаршембиде алгачкы жолу ачык асман алдында сүйлөдү.

Туура бир ай мурун Байден жарыштан чыкканын, вице-президентин талапкер катары колдоорун жарыялаган. Соңку сурамжылоолорго ылайык, демократтардын талапкери Трамптан озуп чыкты. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG