Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:43

АКШ Украинага кезектеги аскердик жардам жөнөтүлөрүн билдирди


Владимир Зеленский жана Джо Байден
Владимир Зеленский жана Джо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, Киевге айныксыз колдоо болорун билдирди. Сүйлөшүү Украинанын Эгемендик күнүн утурлай болгонун Ак үйдөн билдиришти.

Байден Украинага берилчү аскердик жардамдын кезектеги пакети тууралуу жарыялап, ага абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар, учкучсуз учактарга каршы жабдуулар жана башка ок-дарылар кирерин билдирди.

АКШ Киевге бериле турган жардамдын көлөмү тууралуу айткан эмес. Associated Press агенттигинин булактары жаңы пакетти 125 млн доллар деп баалаган. Жардам Киевге эртерээк жеткирүү үчүн президенттин ыйгарым укуктарынын алкагында Пентагонго тийиштүү болгон курал-жарактардын корунан берилери белгиленген.

Жаңы пакетти эске алганда 2022-жылдын февраль айында Орусия бастырып киргенден баштап Кошмо Штаттардын Украинага жардамынын жалпы суммасы 55,7 млрд доллардан ашат.

АКШнын жаңы жардамы тууралуу кабар украин армиясынын Орусиянын Курск облусунда аскердик операциясы уланып жаткан учурга туш келди.

Пентагондун өкүлдөрү АКШ Курск операциясынын узак мөөнөттүү максаттарын талдап, Киев менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG