Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Улуттук банктын төрагасына сөгүш жарыяланып, орун басарлары иштен бошотулду


Мелис Тургунбаев.
Мелис Тургунбаев.

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Ошондой эле анын орун басарлары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу 23-августтун кечинде Президенттик аппараттын сайтына жарыяланды.

"Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты. Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты. Кырдаалды талдоонун жана анын кесепеттерине баа берүүнүн жыйынтыгында Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Манас Жакыповду ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды" деп айтылат маалыматта.

Ал эми Тургунбаевге сөгүш "жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабагандыгы үчүн" берилген. Анын дагы бир орун басары Кайып Куленбеков берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

"Банк тутумунун жана улуттук экономиканын туруктуулугуна терс таасирин тийгизип, ишенип берилген участокто көзөмөлдү жоготуу шартында бул чечимдер Президент Садыр Жапаров тарабынан аргасыз чара катары кабыл алынды. Бул чара финансы рыногунун нормалдуу иштешин калыбына келтирүү жана натыйжалуу башкарууга кайтуу үчүн зарыл" деп айтылат президенттин сайтында.

Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы болуп эки ай мурда - 26-июнда келген. Ага чейин 2023-жылдан тарта жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеген. 42 жаштагы Мелис Тургунбаев - экономика илимдеринин доктору.

Ага быйыл апрелде да жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп иштеп турган кезинде "өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн" сөгүш берилген.

Улуттук банк августта эки ирет интервенция жасап, валюта базарына доллар сатты. 8-августта валюта базарына 51 млн 650 миң доллар сатса, 13-августта 59 млн 800 миң доллар чыгарган.

Интервенция валютанын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Кыргызстанда учурда 1 доллар 85,00 - 85,50 сомдун тегерегинде болууда. Май айында 1 доллар 88 - 89 сом болсо, июлдун акырында 83 сомго чейин төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG