Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:48

Волгоград: түрмөнү басып алгандар жок кылынып, барымтадагылар бошотулду


Волгоград облусундагы №19 катаал режимдеги түрмөнү басып алгандардын бошотуу операциясына кирүүгө даярданып жаткан атайын күчтөрдүн аскерлери.
Волгоград облусундагы №19 катаал режимдеги түрмөнү басып алгандардын бошотуу операциясына кирүүгө даярданып жаткан атайын күчтөрдүн аскерлери.

23-августта Волгоград облусундагы №19 катаал режимдеги түрмөнүн барымтага алынган кызматкерлери бошотулуп, кылмышка шектүүлөр жок кылынганын Росгвардия билдирди.

"Ислам мамлекети" террордук тобуна тиешеси бардыгын айткан абакта отурган төрт соттолуучу 23-августта түрмөнүн кызматкерлерин барымтага алышкан. Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочарев кол салууда түрмөнүн төрт кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилгенин билдирген. Орусиянын Федералдык Жаза аткаруу кызматы окуяда түрмөнүн төрт кызматкери набыт болгонун билдирип, жакындарына көңүл айтты. Андан тышкары мекеме кабарлагандай, барымтадагыларды бошотуу операциясынын маалында жазасын өтөп жаткан төрт киши жараат алды.

Кол салуу маалында тартылды делген видеодо кылмышка шектүүлөр "Крокус Ситидеги" терактты уюштурууга айыпталып кармалган "мусулман агайындар үчүн өч алып жатышканын" айтышууда.

Видеодо алар барымтага төрт кишини алганын көрүүгө болот. Алардын айрымдары тирүү эмес болушу мүмкүн. Кол салгандардын колдорунда бычак көрүнөт.

Орусиялык Телеграм-каналдар Жаза аткаруу кызматындагы булактарына таянып, барымтага алгандар Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары экенин жазышты. Азырынча бул маалымат расмий ырастала элек.

Буга чейин тараган кабарларга караганда, алардын үчөө маңзат жайылтканы үчүн соттолгон. Дагы бири бирөөнүн саламаттыгына атайылап залака келтиргени үчүн жазасын өтөп жаткан.

Бул соңку эки ай ичинде Орусияда абактагылар түрмөнү басып алган экинчи учур. Июнь айында Ростов-на-Дону шаарындагы CИЗО-1ди тергөө абагында кармалып тургандар басып алышкан. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун тарапкерлери экени айтылган. Анда барымтага алынган эки адам жараат алган. Кол салган алты адамдын бешөө атайын операция маалында жок кылынган.

XS
SM
MD
LG