Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:37

Талибдер аялдарга коомго жүзүн ачып чыгууга расмий тыюу салды


Мазари-Шарифте соода кылып жаткан ооган аял.
Мазари-Шарифте соода кылып жаткан ооган аял.

Ооганстанда бийлик башында турган "Талибан" кыймылы жаңы мыйзамга ылайык, аялдарга коомго жүзү ачык чыгууга тыюу салды. Бул туралуу Associated Press агенттиги кабарлады. Мыйзамды Ыйманды жайылтуу жана жосунсуз жоруктардын алдын алуу министрлиги 21-августта чыгарган. Аны ага чейин талибдердин лидери Хибатулло Ахундзада жактырган. Бул министрлик талибдер бийликке келгенден кийин 2021-жылы түзүлгөн.

Иш жүзүндө аялдарга жүзүн ачып көчөгө чыгууга тыюу салынганына эки жыл болду. Бул тууралуу 2022-жылы Ооганстанга көмөк көрсөтүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясы билдирген.

Ал эми былтыр "Талибан" аялдарга улуттук Банд-э-Амир паркына барууга тыюу салган. Анда ыйман министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Халед Ханафи аялдар парк аймагында хижаб оронуу эрежесин бузуп жатышканын айткан.

Талибдер бийликке кайтып келгенден кийин 1990-жылдардын аягындагы абал кайталанбайт деген убадасына турган жок.

11-августта Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму үч жылдан бери Ооганстанда "аялдардын укугуна байланыштуу эң олуттуу кризис жаралганын" билдирди.

Укук коргоочу уюмдун баяндамасында айтылгандай, талибдердин тушунда Ооганстан кыздар 6-класстан кийин мектепке баруу укугунан ажыратылган жалгыз өлкөгө айланды, аялдардын эркин жүрүүсү, медициналык жардам алуу, спорт менен машыгуу укугу чектелди, гендердик зомбулукка кабылган кыз-келиндер коргонуу укугунан ажырап калды.

Оор гуманитардык кризистен биринчи кезекте кыздар, аялдар жабыркап жатканы белгиленет.

XS
SM
MD
LG