Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Жарым жылда Орусиядан 92 миң чет элдик чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 2024-жылдын биринчи жарымында миграциялык мыйзамдарды бузгандарды аныктоо максатында 176 миң рейд жүрүгүзүлүп, жыйынтыгында 92 миң чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу Телеграм-каналы аркылуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ирина Волк билдирди. Анын маалыматына караганда, 5500дөн көп мигрант чет элдиктерди убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Волк белгиелегендей, миграция багыты катуу көзөмөлгө алынгандан бери иш берүүчүлөр мигранттарды жумушка алганда бул тууралуу тиешелүү кызматтарды көбүрөк кабардар кыла башташты.

Март айындагы "Крокус Сити Холго" жасалган кол салуудан кийин Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөгөн. Буга терактты уюштурууга шектелип камалгандардын дээрлик баардыгынын теги борбор азиялык экени түрткү болду.

Мындан улам Борбор Азиянын бир катар мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган.

Ал эми 29-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Бишкектеги элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануу билдирген.

XS
SM
MD
LG