Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Иранда "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобунун 14 мүчөсү кармалды


Керман провинциясындагы 95 адамдын өмүрүн алган кош жардыруу үчүн "Ислам мамлекети-Хорасан" тобу жоопкерчилик алган. 3-январь, 2024-жыл. Иран.
Керман провинциясындагы 95 адамдын өмүрүн алган кош жардыруу үчүн "Ислам мамлекети-Хорасан" тобу жоопкерчилик алган. 3-январь, 2024-жыл. Иран.

Ирандын Чалгын министрилиги 23-августта билдиргендей, "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобунун 14 мүчөсү кармалды. Бул топ "Ислам мамлекети" радикал уюмунун Ооганстандагы канаты болуп саналат. Топтун канча мүчөсү жана качан кармалганы белгисиз.

ISNA маалымат агенттиги 14 киши Иранга мыйзамсыз кирип, "террордук операция уюштурууну пландап жатышкан". Маалым болгондой, жети шектүү өлкө түштүгүндөгү Фарс провинциясында, калгандары түндүктөгү Тегеран жана Альборз аймактарында кармалган.

Быйыл жыл башында Ирандын түштүгүндөгү 95 адамдын өмүрүн алган кош жардыруу үчүн дал ушул "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобу жоопкерчиликти өз мойнуна алган.

Ушул эле топ март айында Орусиядагы "Крокус Сити Холго" жасалган кол салуу үчүн жоопкерчилик алган. Анда кеминде 145 кишинин өмүрү кыйылган. Терактты уюштурууга шектелип теги борбор азиялык 12 киши кармалган.

XS
SM
MD
LG