Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

Орусия: Волгоградда аэродром, Пролетарскиде мунай базасы өрттөнүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Волгоград шаарында аба мейкиндигиндеги чектөөлөрдөн улам жергиликтүү аэропорттун учак кабыл алуу жана учуруу иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 22-августта аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров өткөн түнү Калачёв районунда учкучсуз учактардын чабуулунун мизи кайтарылганын, алардын көбү жок кылынганын айтты:

«Учкучсуз учак түшкөн жерде Коргоо министрлигине караштуу объектиде өрт чыкты. Жабыркагандар жок», — деп билдирди.

Бир катар орусиялык Телеграм-каналдар 22-августка караган түнү Волгограддагы «Мариновка» аскердик аэродромунда бир нече жарылуу болгонун кабарлашты. Бул аэродром Волгоград шаарынын батыш тарабында 50 чакырым аралыкта, Октябрь кыштагында жайгашкан.

Орусия бул чабуул үчүн Украинаны айыптоодо. Украин тарап комментарий берген жок.

Ал тапта Орусиянын Ростов облусунун Пролетарск шаарында мунай сакталуучу жайдагы өрт беш күндөн бери уланууда. 18-августта өрт чыкканда облус губернатору Василий Голубев украин тараптан атылган согуштук дрондор атып түшүрүлгөнүн, өрт сынык түшкөн жерде тутанганын айткан.

ТАСС маалымат агенттигинин 22-августтагы маалыматына караганда, өрттөн жабыркагандар 47 кишиге жетти. Алардын көбү дизел сакталган цистерналардын улам бирине жалындап өтүп жаткан өрттү өчүрүүгө тартылган жумушчулар экени кабарланган. Бейшембиге караган түнү базада дагы бир жарылуу болгонун, түтүн тегеректеги шаар-кыштактарды каптап, кеминде 160 чакырым аралыкка чейин жетип жатканы айтылууда.

Жергиликтүү бийлик билдиргендей, дрон чабуулунун натыйжасында бул базада ар бири 5000 куб метрлик 20 цистерна күйүп кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG