Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

20-август: Абактагы журналисттин апасынын кайрылуусу, Газада барымтадагы алты кишинин сөөгү табылды


Адыл Акжол уулу
Адыл Акжол уулу

20-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Киев ушул айда бешинчи жолу ракеталык чабуулга кабылганы кабарланды

Украинанын абадан коргонуу системалары 20-августтун таңында борбор калаа Киевге жасалган ракеталык соккунун мизин кайтарганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ушуну менен август айынын башынан бери Киев бешинчи жолу орус аскерлеринин ракеталык чабуулуна кабылганы белгиленди. Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүн улантып келүүдө. Орус бийлиги "атайын аскердик операция" жүргүзүп жатканын айтууда.

Абактагы журналист Адыл Акжол уулунун апасы бийликке кайрылды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун апасы Айнура Сартмаматова мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасады. Ал уулуна коюлуп жаткан айыптар менен макул эместигин айтып, аны үй камагына чыгарууну өтүндү. 33 жаштагы журналист Адыл Акжол уулу 4-августта кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин жоюу иштери уланды

20-августта таң эрте жалпысынан 755 адам, 59 атайын техника тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. 18-августтун кечинде жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорундагы айыл-кыштактарда катуу жаан жаап, бир нече жерлерде сел жүрдү. Турак жайларды суу каптап, бир катар жолдор жабылган. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда 497 турак үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) эс алуу жайлары жабыркаган. "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен" эс алуучу жайларынын, "Нептун", "Семиран" пансионаттырынын короолорун суу каптап, Балыкчы-Каракол жолунун 97-чакырымын сел баскан.

Орусияда мигранттарга үй-бүлөсүн алып келүүгө тыюу салуу сунушталды

Мамлекеттик думадагы ЛДПР фракциясынын депутаттар тобу орус жарандыгы жок мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. ЛДПР фракциясынын лидери Леонид Слуцкий "чет элдик жумушчулар чоң үй-бүлөсүн алып кирип, өлкөдө көзөмөлсүз миграция агымы жаралып" жатканын белгилеген. Ал "мигранттар бир кичи районду ээлеп, өзүнчө анклав түзүп алышкан" деп нааразы болгон.

Зеленский Курск операциясы уланып жатканын айтып, өнөктөштөргө кайрылды

Украинанын Орусиянын Курск облусундагы операциясы уланып жатканын өлкө жетекчилиги билдирүүдө. 19-августта президент Владимир Зеленский чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн башчылары менен өткөргөн жыйында украин армиясы Орусиянын чек арадагы аймагынын 1250 чарчы чакырым тилкесин көзөмөлдөп турганын билдирди. Ошону менен катар Зеленский Украинанын союздаштарына кайрадан кайрылып, алар берген алыскы аралыкка атуучу куралды колдонууга уруксат берүүнү суранды.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашуу иштелип чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү. Отурумда Министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясынын ортосундагы инвестициялык макулдашуу каралды. 2024-жылдын 6-июнунда Бээжин шаарында стратегиялык долбоорду ишке ашырууну чогуу илгерилетүү боюнча үч өлкө кезектеги макулдашууга кол коюп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон. Курулуш быйыл октябрда башталмак.

Сот Көлбаевдин жан сакчыларына 50 миң сомдон айып пул салды

Кримтөбөл аталган, атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Көлбаевдин жан сакчылары – Б.А.С., Р.М.А., А.Р.Р., К.Р.С. жана Ш.Ш.Б. аттуу жарандарды сот Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салды. Бул тууралуу 20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди. Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ал кезде анын жанында канча киши болгону жана канча адам кармалганы так айтылган эмес.

Израил Газада барымтада турган алты жаранынын сөөгү табылганын билдирди

Израил Газа секторунда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) барымтага алып кеткендердин алтоонун сөөгү табылганын билдирди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) 20-августта маалымдагандай, алты израилдик жарандын сөөгүн аскерлер Газанын түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис шаарындагы туннелдердин биринен алып чыгышты. The Times of Israel басылмасы жазгандай, алардын эң кичүүсү 35 жашта, улуусу 80 жашта болгон. Үчөөнүн өлүмү тууралуу кабарлар быйыл жыл башында чыккан. Калгандары качан жана кандай жагдайда каза тапканы, өлүмүнө израилдик аскерлердин хамасчыларга каршы жасалган бул соккусу себеп болгон же болбогону териштирилип жатканы маалымдалды.

Ысык-Көлдө машине коюп кеткен милиция кызматкеринин абалы оор

Ысык-Көлдө иш үстүндө автоунаа коюп кеткен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкери Элистан Арзыбековдун абалы оор экени, эсине келе электиги 20-августта дарыгерлердин консилиумунда маалымдалды. Консилиумга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышканы кабарланды. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бейтаптын мээси чайкалып, катуу жаракат алган, жоон саны сынып кеткен. Бишкекке 17-августта санавиация менен жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылган. Арзыбековду 15-август күнү Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында иш учурунда катуу ылдамдык менен бараткан автоунаа коюп кеткен.

Кытайдан Кыргызстанга кирчү үчүнчү автожолду куруу сүйлөшүлдү

Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралды. Анын ичинде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ал тилке аркылуу өтчү “Барскоон-Үч-Турпан-Аксу” унаа жолунун курулушу тууралуу кенен сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Байден партиялаштарын Харристин айланасында биригүүгө үндөдү

АКШ президенти Жо Байден 19-августтун кечинде Чикагодо Демократтар партиясынын Улуттук курултайында сөз сүйлөп, Камала Харристи вице-президент кылып дайындоосу саясий ишмердүүлүгүндөгү эң жакшы чечим болгонун айтты. 81 жаштагы Байдендин жаш курагынан улам кийинки президенттик мөөнөткө калуусу партиялаштары арасында суроо жана басым жараткандыктан ал жарыштан чыгып, өзүнүн ордуна талапкер кылып Харристи сунуш кылган.

Мирзиёевдин кызы Каракалпакстан боюнча жооптуу болуп дайындалды

Өзбек президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева атасы Шавкат Мирзиёевдин өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларын аткарууга жооптуу болуп дайындалды. Бул милдетти ал президенттин кеңешчиси Турсинхан Худайбергенов менен чогуу аткарары 19-августта Мирзиёевдин Каракалпакстандагы сапары учурунда жарыяланды. Каракалпакстанда эки жыл мурда нааразылык жаралып, кан төгүлгөн.

Улуттук банк Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата тыйын чыгарды

Улуттук банк Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 20-августтан тартып “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Кара-Кыргыз автоном облусуна – 100 жыл” аттуу күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү менен байланышкан 1924-жылдагы тарыхый окуя кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра түзүлүшүн тастыктаган кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү дата болуп саналат. Кыргыз автоном облусу азыркы учурдагы эгемен мамлекеттин бардык атрибуттары менен иш жүзүндө Кыргызстанды түзүү үчүн саясий-укуктук негиз болгон.

XS
SM
MD
LG