Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Казакстанда АЭС курууга каршы чыккан активистке айыппул салынды


Активист Мейрхан Абдиманапов (cолдо) АЭС боюнча талкууда. Алматы. 2024-жылдын 16-августу.
Активист Мейрхан Абдиманапов (cолдо) АЭС боюнча талкууда. Алматы. 2024-жылдын 16-августу.

Казакстанда атомдук электр станциясын (АЭС) курууга каршы пикирин билдирип келе жаткан активистке айып салынганын 20-августта «Азаттыктын» казак кызматы жазды. Соттун чечими менен Мейрхан Абдуманаповго журналист Думан Мухаммедкаримдин сотуна катышканы үчүн «тынч жыйын өткөрүү тартибин бузуу» деген айып тагылып, ал 129 миң теңге (270 доллар) төлөөгө милдеттендирилди.

Активисттин айтымында, 19-августта Астанага барып, ал жакта уюштурулуп жаткан АЭС талкуусуна катышуу үчүн автобуска түшүп жаткан жеринен кармап кетишкен. Жарандык кийимчен күч кызматкерлери аны Алатау райондук полиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Кармалышын жана соттун айыппул төлөтүү чечимин ал өзү "талкууга катышуусуна атайылап жасалган тоскоолдук" деп атоодо.

Абдуманапов Караганда шаарында өткөн талкууга катышкан. Бир нече күн мурда Алматыда уюштурулган жыйынга да катышып, долбоорду "Путиндик корпорациянын жарнамасы" деп атаган. Ал "Эч кандай коомдук талкуу жок болууда! Силер АЭСти жарнамалап гана жатасыңар. Чыныгы коомдук талкуу болсо сүйлөгөндөрдүн жарымы ага каршы чыккандар болмок. Бул Путиндик жана башка атомдук корпорациялардын жарнамасы! Силер саясий лоббистсиңер!" — деп кыйкырган.

АЭС маселесине арналган жыйындар Казакстанда ушуну менен 19-жолу уюштурулду.

Бийлик коомдук талкуу деп атап жаткан мындай жыйындардан кийин маселени жалпы элдик референдумга алып чыгууга жол ачылат. Президент Касым-Жомарт Токаев добуш берүү быйыл күзүндө өтөрүн жарыялаган.

“Ютубдагы” ND каналынын автору, "экстремисттик топту каржылаган жана тыюу салынган топтун ишмердигине катышкан" деп айыпталган казакстандык журналист Думан Мухаммедкарим жакында Алматы сотунун өкүмү менен жети жылга кесилген. Өзү жана тарапташтары мындай айыпты бийликти сындаганы үчүн жасалган саясий куугунтук деп атап келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG