Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

"Ош-Дюбек" тамеки заводу менчиктештирип алган 10 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды


“Ош-Дюбек” тамеки заводуна таандык 10,56 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. УКМК тараткан видеодон алынган скриншот.
“Ош-Дюбек” тамеки заводуна таандык 10,56 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. УКМК тараткан видеодон алынган скриншот.

Мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагындагы 10,56 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Анда айтылгандай, Кара-Кулжа токой чарбасы кезинде 10,56 гектар жер тилкесин Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагында балдар лагерин куруу үчүн бөлүп берген. 1992-жылы балдар лагери бардык инфратүзүмү жана жабдуулары менен Ош тамеки комбинатына сатылып, “Төлөйкөн” тамеки заводунун (тамеки иштетүүчү завод) балансына өткөрүлгөн. Ошол эле учурда бул лагерь иш жүзүндө иштебей, кароосуз калган.

УКМКнын кабарында жер тилкесинин базар баасы 52 млн 800 миң сом деп бааланган.

Тиешелүү иш-чаралардын комплексин өткөрүүнүн натыйжасында жерге ээлик кылган “Ош-Дюбек” ачык акционердик коому аталган жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Атайын кызматтын маалыматында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин буга чейин жергиликтүү тургундар жолугушууда аталган жер тилкеси тууралуу сөз кылып жатканы тартылган. Ташиев анда жер мыйзамсыз берилген болсо аны мамлекетке кайтарып, социалдык багытта имараттарды курууга жана аким менен айыл аймак башчысын долбоорду түзүүгө тапшырма берген.

Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматтарга ылайык, “Ош-Дюбек” ачык акционердик коому 1993-жылы түзүлүп, 1998-жылы кайрадан каттоодон өткөн. Учурда ага Мелс Карыбеков аттуу жаран ээлик кылат.

УКМК маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөрдү мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (ErN)

XS
SM
MD
LG