Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Москвада ондогон мигрант аскердик каттоого турууга милдеттендирилди


Орусия. Мигранттар боюнча рейд. Архивдик сүрөт.
Орусия. Мигранттар боюнча рейд. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Тергөө комитетинин аскердик тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери Москвада мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоого жана мурдагы мигранттар боюнча мыйзамдардын аткарылышына байланыштуу рейд жүргүзүшкөнүн 19-августта "Коммерсант" басылмасы жазды.

Рейд "Щелковская" метросунун жанындагы автовокзалда, жашылча-жемиш базасында жана Москванын чыгышындагы хостелде өттү, жыйынтыгында Орусиянын жарандыгын алган ондогон мигрант аскердик комиссариатка барып, каттоого турууга милдеттендирилди.

Буга чейин ушундай эле рейддер Москва облусунун Серпухов жана Чехов райондорунда өткөн, аскердик тергөөчүлөр каттоого турбаган он кишини аныктап чыкканы кабарланган.

31-июлда Мамлекеттик Дума орус жарандыгын алгандан кийин милдетүү түрдө аскердик каттоого туруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырып, кабыл алган. Анда мындай талапты аткарбагандарды жарандыктан ажыратуу каралган.

Украинада жүрүп жаткан согушка барууну каалабаган мигранттарды жарандыктан ажыратууну былтыр күзүндө Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин сунуш кылган. Ошондон кийин Орусияда эмгек мигранттары боюнча рейддер күчөгөн. Жарандыктан ажыратуу башталганы, көбү Борбор Азиядан барган мигранттар экени былтыр жыл соңунда кабарлаган.

Орусияда мигранттарды согушка тартуу күчөп, алтургай абактардан алып кетип жатканы белгилүү. "Азаттык" "Вагнер" жалданма тобунун катарында Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG