Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

Израил Газада барымтада турган алты жаранынын сөөгү табылганын билдирди


Хан-Юнисте сөөгү табылган израилдиктер.
Хан-Юнисте сөөгү табылган израилдиктер.

Израил Газа секторунда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) барымтага алып кеткендердин алтоонун сөөгү табылганын билдирди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) 20-августта маалымдагандай, алты израилдик жарандын сөөгүн аскерлер Газанын түштүк тилкесиндеги Хан-Юнис шаарындагы туннелдердин биринен алып чыгышты.

The Times of Israel басылмасы жазгандай, алардын эң кичүүсү 35 жашта, улуусу 80 жашта болгон. Үчөөнүн өлүмү тууралуу кабарлар быйыл жыл башында чыккан. Калгандары качан жана кандай жагдайда каза тапканы, өлүмүнө израилдик аскерлердин хамасчыларга каршы жасалган бул соккусу себеп болгон же болбогону териштирилип жатканы маалымдалды.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, «барымтада кармалып тургандардын баарын, өлүүбү же тирүүбү, кайтаруу аракети уланарын» айтты.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен. Азыркы тапта, Израилдин эсебинде, барымтадагылар 105 киши, алардын 34ү каза болгону тастыкталган, сөөгү өткөрүлүп бериле элек.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Газадагы согуш токтобой, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп жаткандыктан АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен он ай ичинде бул аймакка тогузунчу жолу барып, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 19-августта ал АКШнын тынчтык орнотуу сунушун Израил колдогонун, эми кийинки маанилүү кадам ХАМАСтан күтүлүп жатканын айтты.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАС палестин тобунун саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG