Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Краснодарда Кыргызстандын жарандарын тейлөө борбору ишке кирет


Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдагандай, 21-августтан тартып, Орусиянын Краснодар шаарында кыргыз жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирет.

Ага ылайык, кыргызстандык жарандарга кызмат көрсөтүү "ВиЭф Сервисес" ишканасынын сервистик борбору аркылуу жүргүзүлөт. Аймактагы кыргызстандыктар аталган мекемеден мөөнөтү аяктап бараткан ID-картасын, жалпы жарандык паспортун жана Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн тапшырып, жаңысына алмаштыра алышат. Ошондой эле аталган документтери бузулган же жоголгон учурларда кайрылууга укуктуу.

Мындан тышкары мекенине кайта кетүү үчүн күбөлүк алууга, нике кагазынын, айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын тастыктаган же Кыргызстанда соттолбогону тууралуу жана башка маалымкаттарды суратып алдыра алышат.

Тейлөөчү борборго документтер алдын ала жазылуу жолу менен, жазылуусуз кабыл алынат. Документтерди аталган борборго тапшыруу үчүн акы төлөнөт.
Борбордун телефон номурлары: +7 (921) 329 00 68 (Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин), +7 (499) 648 91 53 .

ТИМдин маалыматына караганда, консулдук кызматтар Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемелери тарабынан да толук жүргүзүлүп жатат. Ал эми сервистик борборлор консулдук кызматтарды алууну жеңилдетүү үчүн альтернатива катары сунушталууда.

Миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Басымдуу бөлүгү - 400 миңден ашууну Орусияда деп кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG