Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Байден партиялаштарын Харристин айланасында биригүүгө чакырды


Жо Байден жана Камала Харрис. Чикаго.
Жо Байден жана Камала Харрис. Чикаго.

АКШ президенти Жо Байден 19-августтун кечинде Чикагодо Демократтар партиясынын Улуттук курултайында сөз сүйлөп, Камала Харристи вице-президент кылып дайындоосу саясий ишмердүүлүгүндөгү эң жакшы чечим болгонун айтты.

Делегаттар алдында сүйлөп жатып ал Харристи "бекем", "тажрыйбалуу" жана “кынтыксыз" деп мүнөздөп, анын командасындагы “мыкты ыктыярчы” болууга даяр экенин белгиледи.

81 жаштагы Байдендин жаш курагынан улам кийинки президенттик мөөнөткө калуусу партиялаштары арасында суроо жана басым жараткандыктан ал жарыштан чыгып, өзүнүн ордуна талапкер кылып Харристи сунуш кылган.

59 жаштагы Харрис азыркы тапта демократтар арасында чоң колдоого ээ болууда. Эгер шайлоодо утса ал АКШдагы алгачкы аял жана алгачкы афроамерикалык президент болот.

Байден кызмат мөөнөтү аяктап баратканына эч өкүнүүсү жок экенин айтып, партиялаштарын Харристин айланасында биригүүгө чакырды.

"Мен карьерамда көп ката кетирдим, бирок мен силер үчүн колумдан келгендин баарын жасадым", - деди Байден.

Кезектеги президенттик шайлоо АКШда быйыл 5-ноябрда өтөт.

Республикачылардын партиясынан расмий талапкер катары мурдагы президент Доналд Трамп көрсөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG