Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 29-июлда кол койгон "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзам 20-августта Эркин-Тоо гезитине жарыяланды.

Мыйзам жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирери кабарланган.

Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, административдик-аймактык чек аралардын өзгөрүшү, кээ бир аймактардын биригүүсү же бөлүнүүсү сыяктуу өзгөрүүлөрдөн кийин, жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо болору кабарланган.

Мыйзам боюнча президент жергиликтүү кеңештерди таратуу тууралуу буйругун "Административдик-аймактык реформа тууралуу" мыйзам күчүнө киргенден кийин 30 күндүн ичинде чыгарат жана кайрадан шайлоо дайындайт. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, кайрадан шайлоонун датасы 60 күндөн кем эмес убакыт алдын ала белгиленүүгө тийиш. Анын негизинде жергиликтүү кеңештер сентябрь айында тараса, кайрадан шайлоо 17-ноябрга белгилениши мүмкүн экенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирген.

Боршайком аймактык чектер өзгөргөнүнө байланыштуу айылдык жана шаардык кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн округдар жергиликтүү бийлик менен чогуу түзүлөрүн маалымдаган.

Жаңыдан аныкталган мандаттар боюнча Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөрү кабарланган. Эгер административдик аймакта жашагандардын саны 6 миңге чейин болсо – 11 депутат, 20 миңге чейин болсо 21, андан көп жашоочусу бар аймактарда 31 депутат шайланат.

Административдик-аймактык реформа боюнча жаңы кабыл алынган мыйзам 2-августтан тарта күчүнө кирген.

3-августта президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, саясий партияларга шайлоо босогосу 7ден 5%га түшүрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG